• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Токтогул шаарындагы стадионду реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Токтогул шаарындагы борбордук стадиондун курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Күн мурун район акими Акылбек Тюкебаевдин төрагалыгында техникалык кеңешменин отуруму болуп өттү. Анын жүрүшүндө борбордук стадиондун долбоору, сметасы, аткарылып жаткан иш-аракеттер талкууланды.

Отурумга Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Т.Узенбаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев жана долбоорду иштеп чыккан фирманын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий