• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрөнүн курулушу январдын аягында бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрөнүн курулуш иштерин январдын аягында бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

Жаңы көпүрө Жалал-Абад — Благовещенко унаа жолунун 1-чакырымында жайгашкан. Анын узундугу 72 метрди, туурасы 10,5 метрди түзөт.

Министрдин айтымына караганда, 2022-жылы катуу жүргөн селдин кесепетинен жараксыз абалга келген көпүрөнүн ордуна былтыр жаңысын салуу үчүн республикалык бюджеттен атайын каражат каралып, курулуш иштери октябрда башталган.

"Эки сменге бөлүнүп иштеген кызматкерлердин күжүрмөн эмгегинин натыйжасында курулуш иштерин ушул айдын аягы менен бүткөрүү пландалып, андан соң пайдаланууга берүү мерчемделүүдө", - деп кошумчалады Тилек Текебаев.

Пикир

Оставить комментарий