• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11,6 млрд куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 22-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 636 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 760 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 453 куб метрди түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий