Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд 881 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 237 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 458 куб метрге жетүүдө.
Пикир
Оставить комментарий