Бишкек, 02.03.23./Кабар/. Бүгүн, 2-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 85 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 151 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 443 куб метрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.
Пикир
Оставить комментарий