• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкек мэри кызматынан кетеби? Муниципалитеттин жообу

Коом 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы мэр Эмилбек Абдыкадыровдун кызматтан кетиши тууралуу айтылып жаткан айың-кептерге жооп берди.

“Кабар” агенттигине муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысынын отставкага кетиши тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта көптөгөн жарандар, активисттер жана блогерлер Бишкек мэринин кызматтан кеткендиги тууралуу жазууда.

Эске салсак, Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылдын 24-февралынан бери Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалап келет.

Пикир

Оставить комментарий