• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд куб метрден ашты

Коом 0

Бишкек, 14.06.23./Кабар/. Бүгүн, 14-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 67 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 343 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 406 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

2022-жылдын 14-июнуна карата суунун көлөмү 11 млрд 143 млн куб метрди түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий