Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. 21-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 19 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1594 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 144 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий