• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

ЖКККББ туристтик сезондо көзөмөлдү күчөтөт. Ысык-Көлгө Бишкектен 34 кызматкер жөнөп кетти

Коом 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камыз кылган башкы башкармалык (ЖКККББ) жайкы туристтик мегзил учурунда көзөмөлдү күчөтөт.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагына Бишкек шаарынан милициянын кайгуул кызматынан 34 кызматкер, 14 экипаж жөнөп кетти.

"Мындан ары да Ысык-Көл облусуна чет өлкөдөн келген туристтердин келүүсүнүн санына жараша этап-этабы менен кошумча күч иретинде башка аймактардан Ысык-Көл облусуна тартылат". - деп кошумчалашты ЖКККББдан.

Пикир

Оставить комментарий