Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 10 млрд куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. 5-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 981 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 619 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 376 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий