• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Токтогулда 2 миң орундуу стадионду реконструкциялоо иштери жүрүүдө

Аймак 0


Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусуна жаңы дайындалган өкүлү Тилек Текебаев күн мурун Токтогул районуна жумуш сапары барды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал учурда Токтогул шаарында жайгашкан Э.Ормонов атындагы 2 миң орунга ылайыкташкан стадионду реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Аталган жай 1980-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкарамалыгы тарабынан долбоор даярдалып, жумушту "Талды-Булак" жоопкерчилиги чектелген коому аткарууда.

Ошондой эле ал кыдыруунун жүрүшүндө Токтогул шаарында жайгашкан кубаттуулугу күнүнө 3000 литр сүттү кайра иштетүү мүмкүчүлүгү бар заводко барды. Завод ишке киргенден бери компаниянын продукциясы жергиликтүү рынокто керектөөчүлөрүн тапкан жана алты жыл аралыгында сүт өндүрүшүндө тажрыйбага ээ болгон. Жакынкы убакытта мекеме өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү аракетин көрүүдө.

Мындан тышкары, шаардын Тегирмен участкасында жайгашкан балык чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий