Токтогулда 4 көпүрөнү суу жеп кетти

Коом 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында 2017-жылдын 24-май күнү саат 05:00 чамасында Кен-Туу суусунда суунун көлөмү көтөрүлүп, Ак-Жар айылындагы ички чарбалык жолго курулган 4 көпүрөнү суу жеп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, ички чарбалык жол убактылуу жабылган.

Айыл аймак тарабынан ички чарбалык көпүрөлөрдү калыбына келтирүүдө 1 экскватор тартылып, учурда 2 көпүрө калыбына келтирилген.

Мындан тышкары, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагындагы Бирдик айылында 2017-жылдын 24-май түнү Көк-Ирим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, сугат арыктарынан ашып, 3 турак үйдүн короолоруна суу кирген.

Жээктерди бекемдөөгө айыл аймактан 1 жүктөгүч жана 15 адам тартылып, кооптуу аймакта сууну тосуу иштери аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий