• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон расмий ачылды

Коом 0

Бишкек. 18.05.19 /Кабар/. Ысык-Көлдө бүгүн жайкы туристтик сезон расмий ачылды. Анын алкагында Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition – 2019 аттуу эл аралык туристтик көргөзмө өтүп жатат.

18-19-май күндөрү өтө турган маданий иш-чара Туризм департаменти жана Ысык-Көл облустук администрациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Көргөзмө-жарманкеде жакынкы жана алыскы мамлекеттердин туристтик агенттиктери, пансионаттары, өздөрүнүн кызматтарын сунуштайт. Андан сырткары, туризм тармагындагы инвесторлор, ишкерлер дагы катышат.

Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында тегерек столдор өтүп, ал жакта туристтик агенттиктердик өкүлдөрү, инвесторлор, эксперттер кызматташуу маселелерин талкуулашмакчы.

Пикир

Оставить комментарий