• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын Германиядагы элчиси кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиядагы кыргыз диаспорасынын ɵкүлдөрү Нурлан Мукаш жана Гүлжан Фриндт-Сайдилкан менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселелери, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын даярдоо жана Германияда ишке орноштуруу боюнча Германияда биргелешкен компания түзүү маселеси талкууланды.

Германия тарабы менен мындай кызматташуу кыргыз жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштурууну камсыз кылууга, анын ичинде 2022-жылдын 21-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында кызматташууга жардам бере алат.

Пикир

Оставить комментарий