• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токтогулда 62,4 кг баңгизат катылган жашыруун жай табылды

Коом 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Токтогул районундагы жеке үйлөрдүн биринен 62,4 кг баңгизат сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кинологдордун катышуусунда издөөчү иттердин жардамы менен Токтогул районунун тургуну Т.у.А. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, жерге көмүлгөн 10 мүшөк табылган. Анын жалпы салмагы 71 кг 268 граммды түзгөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар кургатылган чөп тектүү заттар табылган.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү Токтогул районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий