• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматы булут электрондук кол тамганы бере баштады

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен кызматташтыкта салык төлөөчүлөр үчүн булут электрондук кол тамганы берүү боюнча пилоттук долбоорун ишке киргизүүдө.

Салык кызматынан кабарлашкандай, булут электрондук кол тамга акысыз берилет.

Салык кызматы “Инфоком” менен түзүлгөн келишимге ылайык электрондук кол тамгаларды берүү боюнча күбөлөндүрүүчү борбор болуп таанылды.

Электрондук кол тамганы Бишкек шаарынын Свердлов, Ленин, Биринчи май, Октябрь райондору, Ош шаары жана Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнча салык органдарынын Бирдиктүү терезесинен алууга болот.

Мындан тышкары, булут кол тамга Бишкек шаары боюнча Ишкерлерди тейлөө борборунда да берилет (Жибек-Жолу пр., 381, 2-кабат).

Электрондук кол тамганы алуу менен салык төлөөчүлөр Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу салык отчетторун жана декларацияларды тапшыруу үчүн “жеке салык кабинетин” жана башка мамлекеттик кызматтарды пайдалана алышат.

Салык кызматы жарандарды жана салык төлөөчүлөрдү долбоорго активдүү катышууга жана көрсөтүлгөн салык органдарынан, Ишкерлерди тейлөө борборунан электрондук кол тамгаларды алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий