• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Токтогулда диний-экстремисттик агымдын активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Токтогул районунун аймагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө экстремисттик идеологиядан баш тарткан "Йакын инкар" ДЭАнын активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын активдүү 5 жактоочусу кармалды. Аталган адамдар Токтогул районунда экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.

Тинтүү иштеринин натыйжасында көп сандагы экстремисттик адабияттар жана экстремисттик материалдар табылып алынды.

Жогорудагы адамдар "Йакын Инкар" ДЭАнын катарына жаңы тарапкерлерди тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин системалуу түрдө жүргүзүп келишкен.

Кармалган адамдар соттун чечими менен 1 айга Жалал-Абад шаарынын 53-мекемесине киргизилди. Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча ДЭАнын жактоочулары өздөрү тандап алган диний багыттын туура эместигин моюнга алып, жарандарды "Йакын-Инкар" ДЭАнын мүчөлөрүн аталган уюмдун Кыргызстандын аймагында иштөөсүнө жол бербөө арызы менен мыйзамсыз чакырыктарга алдырбоого, ошондой эле экстремисттик идеологиядан баш тартууга чакырышты.

КР УКМК жарандарга Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Пикир

Оставить комментарий