Бишкекк, 29.07.19. /Кабар/. Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагында "Хонда Стэп" унаасы менен "Тойота Камри" кагылышып, Хонда Стэп" унаасы өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул кырсыктан 1 адам каза болуп, учурда ал жарандын аты-жөнү такталууда. Дагы 7 адам жабыркаган:30 жаштагы Ж.Ч., 30 жаштагы Х.И., 26 жаштагы Х.А., 33 жаштагы Ж.Р., 24 жаштагы С.Ж., 29 жаштагы А.Х., 59 жаштагы Ш. Р.
Пикир
Оставить комментарий