Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө таянсак, 4-5-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Кырсык катталган учурда “112” номерине чалыңыз. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.
Пикир
Оставить комментарий