• 87
  • 90.55
  • 0.84

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо. Жумушчу топтордун жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. 11-декабрдан 19-декабрга чейин Тажикстандын Душанбе шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны өттү.

Бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын андан ары мыйзамдуу түрдө каттоо үчүн өткөрүү боюнча материалдарды даярдоого киришти.

Тараптар бул ишти Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүү кырдаалында өттү.

Пикир

Оставить комментарий