• 87
  • 90.41
  • 0.84

Трамп телекайрылуусунда Мексика чек арасына дубал куруу зарыл экенин белгиледи

Дүйнө 0

Бишкек, 09.01.18 /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп америкалыктарга жасаган кайрылуусунда Мексика менен чек арадагы абалды олуттуу гуманитардык каатчылык деп атады.

Ал мыйзам чыгаруучуларды дубалдын курулушуна акча бөлүүгө макул болууга чакырды.

Өз сөзүндө президент көзөмөлдөнбөгөн миграция америкалыктардын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизип, ондогон адамдар аткезчилик жол менен АКШга ташылган баңгизаттын кесепетинен каза таап жатканын белгиледи. Бул үчүн Мексика менен чек арага дубал куруу зарыл экенин белгилеген Трамп ага кете турган 5,7 миллиард долларды бөлүүнү кечеңдеткени үчүн Конгресстеги демократтарды айыптады. Ал демократтар чек арадагы кризисти тааныбай жатканын айтты.

Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушун каржылоого байланышкан пикир келишпестиктен улам Конгрессте бюджетти бекитүү создугууда. АКШнын федералдык мекеме-уюмдары 18 күндөн бери жарым-жартылай гана иштеп, алардын кызматкерлерине айлык акысы берилбей турат.

Көп өтпөй Конгресстин Өкүлдөр палатасынын жаңы шайланган спикери, демократ Ненси Пэлоси, Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер да түз эфирде президенттин айткандарына жооп беришти. Пэлоси чек ара коопсуздугун дубал куруудан башка жолдор менен камсыз кылса болоорун айтып, президентти федералдык өкмөттүн ишин камсыз кылууга чакырды.

Трамп АКШнын Мексика менен чек арасында мыйзамсыз миграциядан коргонуу максатында дубал курууга президенттикке талапкер кезинде эле убада берген.

Пикир

Оставить комментарий