• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Транспорт департаменти жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарынын сакталышын текшере баштады

Коом 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын жана белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында текшерүү иштерин баштады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 9-сентябрдан 7-октябрга чейин уланат.

Транспорт департаменти ашыкча жүк жүктөп алып, асфальт жолго чыккан айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен бирге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде тийиштүү протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынарын эскертет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын баса белгилеп, айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий