• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Транспорт министри Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулушу менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор —Коммунизм унаа жолунун 1-500-чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулушу менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр жеринде жетекчилер менен жолугуп, курулуш иштерди өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

Жаңы салынып жаткан көпүрө 3 пролеттон туруп, узуну 54 метрди түзөт, туурасы 12,5 метрди түзөт. Бул көпүрө аркылуу Кара-Тоо, Кум-Дөбө, Ак-Жар, Арзы жана башка ондогон айылдардан катташат.

Мындан тышкары, Сыргабаев Кочкордогу Орозбаков көчөсүндөгү 10 чакырым тротуардын курулуш иштерин тездетүүнү жана 12 аялдаманы оңдоо тапшырмасын койду.

Министр ошондой эле жаңы салына турчу автобекеттин аймагын көрүп, Бердалиев көчөсүнө асфальт төшөө иштерин текшерди.

Пикир

Оставить комментарий