• 87
  • 90.41
  • 0.84

Транспорт министри: Эгерде авиатармакты өнүктүрөлү десек, улуттук авиакомпаниябыз болушу керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Эгерде биз улуттук авиатармакты өнүктүрөлү десек, анда өзүбүздүн улуттук авиакомпаниябыз болушу керек. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясындагы абал жана авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү зарылдыгы тууралуу маселе талкууланып жатканда билдирди.
Калиловдун айтымында, Кыргызстандын учактарынын эскилиги жеткен, жаӊысы жок болгондуктан, аларды алмаштырууга мүмкүн эмес, ошондон улам авиакаттамдар кармалып калууда.

"Жыл аягына чейин "Тез Жет" авиакомпаниясын жабуу жөнүндө сунуш бар. Эгер андай болсо, биз ички каттамдарды эле эмес, тышкы каттамдарды да тейлей албай калабыз", - деди министр.

Белгилей кетсек, "Эйр Кыргызстан" компаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов, ал эми ээси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий