Ар бир кармалган жаран акысыз жактоочуга укуктуу – Калбеков

Коом 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Кылмыш-процессуалдык кодексти реформалоо алкагында ар бир кармалган жаран акысыз жактоочуга укугу бар. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Юстиция министрлиги астындагы кепилденген мамлекеттик укук жардамын координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, учурда Кылмыш-процессуалдык кодексинин жаңы редакциясынын алкагында укук-коргоо жана сот органдары менен иш жүргүзүлүп, кармалган жарандардын жактоочусу жок болсо укук-коргоо органдары мамлекет кепилденген укуктук жардам системасынан жактоочу менен камсыз кылуусу керек.

“Биздин мамлекеттин Конституциясы жарандардын жактоочуга каражаты жок болсо, аны мамлекеттик жактоочу менен камсыз кылууга кепилдик берет. Конституциянын ушул нормаларын ишке ашырууда 2009-жылы “Кепилденген укуктук жардам тууралуу” мыйзамы кабыл алынып, ал мыйзамдын алкагында ошол жардамга муктаж болгон жарандардын категориясы аныкталган. Бул көп учурда аз камсыздалган, адвокатка каражаты жок жарандар. Бул жарандарга бекер укуктук жардам көрсөтүлөт, ал эми жактоочунун акысын мамлекет төлөйт”, - дейт Калбеков.

Анын айтуусунда, азыркы мыйзамга жараша, 8 миң сом алган жарандар акысыз жактоочуга укугу бар. Бул сан жыл сайын өзгөрүп турат.

“Ошондой эле ал мыйзам акысыз укуктук жардам көрсөтүүгө кепилдик берет. Ал жардамды баардык категориядагы жарандар ала алат. Андан тышкары алган акысына карабастан акысыз жактоочунун кызматын колдоно алган жагдайлар бар. Бул биринчи кезекте камакка алынган жарандар. Камакка алынган учурдан баштап, ар бир жаран акысыз жактоочуга укугу бар. Кармалгандардын туугандары бизге билдирсе, биз ал адамды жактоочу менен камсыз кылабыз. Учурда биз жарандарды ушул кызматтар тууралуу маалымдап келебиз”, - деди ал.

“Аталган Борбордун бюджети 20 млн. сомду түзөт. Кийинки жылдан тарта бюджетти 3-4 эсеге жогорулатуу каралып, жылына 70 млн. сомду түзөт. Бул кепилденген мамлекеттик укук жардамын координациялоо борборунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен байланыштуу”, - деп билдирди Калбеков.

Пикир

Оставить комментарий