• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Транспорт министри ЕРӨБдүн аймактык директору менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы директору Айтен Рустамова менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, анда Балбай-Баатыр – Каракол тилкесин реконструкциялоо долбоорун 56,5 млн еврого каржыланган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык процедуралар аяктаганы белгиленди. Учурда консультант-инженерди жана подряддык компанияны тандоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, министрликтин демилгеси менен "Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун жана Чүй облусунун калктуу конуштарын реконструкциялоо" жана "Кара-Балта – Чалдовар автожолун реконструкциялоо" долбоорлору талкууланды.

Сыргабаев эки долбоор боюнча ишти катарлаш жүргүзүү боюнча каалоосун айтты.

Ошондой эле "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климаттык туруктуулугун жогорулатуу долбоору боюнча маселелер көтөрүлүп, аны ишке ашыруу боюнча тараптар бир пикирге келишти.

Жолугушуунун соңунда ЕРӨБдүн Борбор Азия жана Монголия боюнча аймактык директору Симоне Зе Атанасовскийдин катышуусунда маселелерди деталдуу изилдеп, чечүү үчүн кошумча жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашуу болду.

Министр түндүк айланма жолдогу долбоорду ишке ашырууда пайда болгон кыйынчылыктарды тез арада чечүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий