• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Транспорт министри Тилек Текебаев ЕРӨБ өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын инфраструктура бөлүмүнүн директорунун орун басары Александр Татьянин жана банктын аймактык өкүлү Талай Асылбеков менен жолукту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ортосундагы кызматташтык, анын ичинде Ысык-Көл айланма жолу (Балбай баатыр – Каракол тилкеси) жана жол-транспорт жаатындагы ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Тилек Текебаев долбоорлордун маанилүүлүгүн айтып, жол-транспорт инфраструктурасын жакшыртуу жаатында жасалып жаткан иштерге токтолду.

Өз кезегинде банктын өкүлдөрү биргелешкен иштерди алга жылдыруудагы даярдыгын белгилеп, каржылоо булактары жана шарттары жөнүндө кеңири маалымат беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жол-транспорт жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана бул тармакты санариптештирүү, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багытында мындан аркы тыгыз кызматташууга ишенимдерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий