• 87
  • 90.41
  • 0.84

Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди

Аймак 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек – Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ал эми Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык. Жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан оор жүк ташуучу унаалар атайын техникалардын иштешине тоскоолдук жаратуу менен жасалма тыгын пайда кылууда.

Мындан улам Транспорт министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий