Бишкек, 19.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. "Ынтымак-Ордо" өткөн 2024-жылдагы өнүгүү жыйынтыктары боюнча Министрлер кабинетинин жыйынында КР транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликтин 2025-жылга карата иш пландары менен бөлүштү.
Министрликтин маалыматы боюнча Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл жазында башталат.
Андан тышкары, быйылкы жылга жол оңдоо багытында пландалган иштер төмөнкүлөр:
- Бишкек – Ош жолунун Суусамыр (100 км) тилкесин оңдоо;
- Ош – Баткен – Раззаков (28 км) жолунун калган бөлүгүн куруу;
- Лебединовка ГЭС 5 жолун реконструкциялоо;
- Кырчын жайлоосуна баруучу жолду капиталдык ремонттон өткөрүү;
- Ысык-Көл айланма автожолун (Барскон-Каракол участогу, узундугу 75,2 км) реконструкциялоо;
- Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун талап кылынган участкасын реконструкциялоо.
Ошондой эле быйыл маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу менен бирге автожолдорду оңдоого, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды чогултуп, жол фондуна түшкөн каражаттардын эсебинен өлкөбүздүн ички жолдорун оңдоо иштерин аткарууну министрлик пландаштырууда.
Пикир
Оставить комментарий