Транспорт министрлиги селден кийинки жолдордогу абал тууралуу маалымат берди

Аймак 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын түштүк аймактарында нөшөрлүү жаандан улам бир катар унаа жолдорун сел алып кеткен. Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдордогу абал тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн, 29-июнь саат 08:00го карата жолдордогу абал төмөндөгүдөй:

– Мырзаке – Кара-Шоро жолунун 49-51-чакырымдар аралыгында жол каттамы бир тараптуу ачылды. Тазалоо иштери уланууда;

– Ылай-Талаа – Карагуз – Түшүнүк жолундагы (17-28-чакырымдар аралыгында) сел түшкѳн тилкелерде жол каттамы бир тараптуу ачылды. Азыркы учурда тазалоо, кеңейтүү иштери аткарылып жатат;

– Ош – Баткен – Раззаков жолунун 43 жана 63-чакырымдарында жол каттамы бар. Азыркы учурда жол кызматкерлери иштеп жатат;

– Додон – Салиева – Абшыр-Сай жолунун 47-50-чакырымдар аралыктарында сел түшкѳн, жол убактылуу жабык. Азыркы учурда иштер кызуу жүрүүдө;

– Төө-Моюн– Өсөр – Жаңы-Арча жолунун 26, 29, 32-чакырымдарында сел каттуу жүрүп, азыркы учурда жол убактылуу жабык. Жолчулар иштеп жатышат;

– Көк-Жар – Кызыл-Кыя жолунун 7-8-чакырымдар аралыгында кечээ 28-июнь түнкү саат 24:00до жол каттамы бир тараптуу берилди;

– Караван – Пахтачи жолунда (30-42-чакырымдар аралыгы) бир тараптуу каттам бар. Азыркы учурда тазалоо иштери жүрүп жатат;

– Жаңы-Арык – Кызыл-Суу (31-32-чакырымдар аралыгы), Орто-Мечит – Кызыл-Суу (31-32-чакырымдар аралыгы) жолдорунун сел түшкѳн аймактарында түнү иштер жүрүп, кечки саат 22:30до бир тараптуу каттам берилген;

– Ош – Сарыташ – Эркечтам жолунун 44-46-чакырымдар аралыгында жана Гүлчө – Каблан-Көл (16-чакырымында) сел түшкѳн аймактарда тазалоо иштери аткарылып, жол каттамдары берилди.

Пикир

Оставить комментарий