Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жолдорго асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, облустун аймагында төмөнкү жолдорго асфальт төшөлүүдө:
- Сузак районунун Бекабад - Жийде - Муңдуз унаа жолуна 5 км асфальт төшөлүп, аяктады.
- Сузак районунун Сузак - Арал - Жийде унаа жолуна 1 км асфальт төшөлдү.
- Сузак районунун Сузак - Каду унаа жолуна асфальт төшөлүп жатат. План боюнча 5 км төшөлөт. Бүгүнкү күндө 1,4 км төшөлүп бүттү.
- Ноокен районунун Нефтепром - Үч-Мазар - Дош унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. План боюнча 4 км төшөлөт. Бүгүнкү күндө 1,6 км аяктады.
- Ноокен районунун Ленинжол - Казар-Мазар - Сере унаа жолуна 0,5 км асфальт төшөлдү. План боюнча 4 км төшөлөт.
- Аксы районунун Кербен - Үч-Коргон-ГЭС унаа жолуна асфальт төшөлүп жатат. План боюнча 7 км. Бүгүнкү күндө 1,4 км төшөлүп бүттү.
Пикир
Оставить комментарий