Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жыл аягына чейин 453 техника сатып алат. Бул тууралуу күн мурун министрликтин 9 айдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумунда айтылды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда техника сатып алуу боюнча подрядчы компаниялар тандалып, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрына чейин келиши күтүлүүдө.
Белгиленгендей, 2023-жылы КР президентинин колдоосу менен 265 даана техника жана жол куруу жабдуулары Жол фондунун эсебинен сатылып алынган.
Пикир
Оставить комментарий