Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. КР Транспорт прокуратурасы жарандарды алдамчылыктын курмандыгы болуудан сактануу керектигин эскертет.
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын негизги милдети - мыйзамдын үстөмдүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоо менен адамдын жана жарандардын укуктарын, эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышын, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин мыйзам аркылуу корголуучу кызыкчылыктарын камсыз кылууну көзөмөлдөө болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Жоруктар жана Жоосундар жөнүндөгү кодекстеринин максаттары - адамдын укуктарын, эркиндиктерин, алардын мүлктөрүн, коомду, мамлекетти жана адамзат коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоо, кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле кылмыштын натыйжасында бузулган адилеттүүлүктү калыбына келтирүү жагы жогоруда белгиленген конституциялык мыйзамдык актыларда көрсөтүлгөн.
Бирок Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы кылмыштуулукту азайтуу боюнча мамлекет жана жалпы коомчулук тарабынан жасалган иш аракеттер, көрүлгөн чараларга карабастан адамдын жана жарандардын укуктарына, эркиндиктерине, абийирине, ар намысына жана мүлктүк укуктарына каршы багытталып, жалпы коомдун талкуусуна түшкөн кылмыштардын, жорук-жоосундардын жасалуусу тыйылбай келүүдө.
Атап айтсак, "М.К." аттуу жаран (аты өзгөртүлүп берилди), Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылында орун алган №16-мекемесинде мурдагы кылган кылмыштары боюнча жазасын өтүп жатып, мыйзамсыз алып кирип, колдонуп жүргөн уюлдук телефондору аркылуу 2019-жылдын 5-август күнү иш боюнча жабырлануучу "Т.И." аттуу жарандын абоненттик номерине байланышка чыгып, “"Манас" эл аралык аэропортундагы бажы кызматында иштейм, бажыдан өтпөй калган, үй тиричилигине иштетүүчү техникаларды жана уюлдук телефондорду арзан баада алып берем деп, WhatsApp тиркемеси аркылуу үй тиричилигине иштетүүчү техникалардын жана уюлдук телефондордун таңгакта сакталып турган сүрөттөрүн жөнөтүп, ишеничине кирген. Натыйжада алдоо жолу менен белгисиз азиат улутундагы жашы болжол менен 20-25 курактагы "М" аттуу кылмыштуу шериги аркылуу "Т.И." 56 миң сом акчасын жана паспортун (жабырлануучунун паспортун ал сатып, ала турган товарларды бажыкананын кампасынын ичинен, сатып алуучунун наамына оформит этүү үчүн-деген, ишендирүүчү шылтоону колдонуу менен) анын ишенимине кыянаттык кылуу жолу менен кирип, алдап алдыртып, олуттуу өлчөмдөгү бөтөн мүлктү ээлеп алган.
Аталган факт 2020-жылжын 6-августунда Кыргыз Республикасынын ЖКнин 204-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Кылмыштардын жаран жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жогорудагыдай эле жол менен 2019-жылдын 26-апрелинен 2019-жылдын 19-сентябрына чейинки аралыкта 14 жарандын ишеничтерине кирип, жалпысынан 454 миң сом суммадагы акчасын алдап, алдыртып алып, олуттуу өлчөмдөгү бөтөн мүлктү ээлеп алгандыгы аныкталгандыктан "М.К." аттуу жаранга карата айыптоо актысы Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан бекитилип, сотко чейинки өндүрүш иши 23.12.2019-жылы, Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотуна, негизинен кароого өткөрүлүп берилген.
Тергөө маалында баардык эпизоддор боюнча келтирилген материалдык зыяндарды өндүрүү мүмкүнчүлүгү болгон эмес.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2020-жылдын 13-авгусундагы өкүмү менен айыпталуучу "М.К." аттуу жаран ага коюлган баардык айыптары боюнча күнөөлүү деп табылып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 78-81-беренелери жана 79-беренесине ылайык, биротоло өтөөгө 6 (алты) жыл, 9 (тогуз) ай, 12 (он эки) күнгө эркиндигинен ажыратылып, ага карата 3 000 (үч миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү, же болбосо 300 миң (үч жүз миң) сом айып пул салынып, дайындалган жазалар өз алдынча аткарылуусу көрсөтүлдү.
"М.К." аттуу жарандан аталган иш боюнча жабырлануучуларга жалпысынан 454 миң сом суммадагы акча каражатын өндүрүп берүүгө өкүм чыгарылды.
Жогорудагы өкүнүчтүү окуяларды эске алып, Кыргыз транспорттук прокуратурасы Кыргыз Республикасынын жарандарын алдамчы-шылуундар тарабынан ар кандай жолдорду пайдалануу менен айтылып, коомчулукка жарыяланган, ишеничке кирүүчү жалган убадаларга ишенүүдөн оолак болуу менен бирге, ар түрдүү алдамчылыктын курмандыгы болуудан сактанууларын эскертет.
Пикир
Оставить комментарий