• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүүдөн өлкө казынасына 9 айда 86 млн млн сом түштү

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында 9 айдын ичинде өлкө казынасына 86 млн 248 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсеге жакшырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2024-жылдын 9 айынын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 520 794 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 150 протокол түзүлдү.

Ошондой эле, эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 86 млн 248 миң 226 сом чегерилди.

Эске салсак, текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.

Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий