• 87
  • 90.41
  • 0.84

Троллейбустун линиялары бузулган учурда кайда кайрылуу керек? Мэриянын жообу

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы троллейбус линияларынын тез-тез бузулуп жаткан себептерин, линиялар бузулган учурда кайда кайрылуу керектиги тууралуу маалымат берди.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте троллейбустун байланыш түйүнүн Бишкек троллейбус башкармалыгынын энергетикалык кызматы тейлейт.

“Кызмат өз ишинин жүрүшүндө шаардын электр тармактарынын диспетчерлери менен тартуучу подстанциялардын тышкы электр энергиясын камсыздоо маселелери боюнча өз ара кызматташат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ток өткөрүүчү зымдын үзүлүүсү кооптуу деп эсептелет. Ошондуктан, линиялар үзүлгөн жерде, үзүлгөн байланыш зымына же асма элементтерге жакындабоо керек. Коопсуз аралыкта болуп жана диспетчердик көзөмөлдөө борбордук кызматына төмөнкү номерлер аркылуу кабарлоо зарыл: 0312 657542, 657540. Ошондой эле муниципалитеттин call-борборуна кайрылсаңыз болот: 1840, 1850 жана WhatsApp: 0554 182-185.

Пикир

Оставить комментарий