• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте милиционерлер темир жолдо уктап калган адамды куткарып калышты — видео

Коом 0


Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Бишкекте милиционерлер темир жол боюнда уктап калган адамды куткарып калышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайгуулчулар темир жолдо поезддин өтүшүн күтүп турганда рельсте адамдын жатканын көрүп, дароо чуркап барып, ал адамды куткарып калышкан.

Куткарылган адам өзүнө-өзү кол салууну көздөбөгөнүн, мас абалында уктап калгандыгын билдирген.

Анын айтымында, туруктуу жашаган жери жок.

Пикир

Оставить комментарий