• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өлкө аймагында 28-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.04.23./Кабар/. Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, бүгүн, 28-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Талас облусунда +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл облусунда +17…+22, Нарын облусунда +16…+21 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +29…+31 градуска көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий