«Туратали базары» мамлекеттик ишканасынын директору алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Манас Усенов Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын сунуштамасы боюнча Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы «Туратали базары» мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министрлер кабинетинин башчысы кол койгон башка бир чечимге ылайык, Тынчтыкбек Батыркулов «Туратали базары» МИ директору болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий