• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 2024-жылдын жайкы туристтик сезонунун жыйынтыгы чыгарылып, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун негизги долбоорлоруна кыскача сары эсеп салынып, тышкы туризмди өнүктүрүү маселелери, ошондой эле Кыргызстандын аймактарындагы туризмдин учурдагы абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Жыйындын алкагында Кыргызстанда туристтик жарманке болуп, анда туроператорлор өздөрүнүн стенддерин жарнамалык иштери менен көрсөтүштү. Ал эми иш чарага келгендер туристтик багыттар, визалык процедуралардын шарттары, турлардын баасы тууралуу маалымат алышты.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий