• 87
  • 90.59
  • 0.86

Туризмди өнүктүрүү жана жаратылышты коргоо: Кыргызстан менен Франция кызматташуунун багыттарын издейт

Коом 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын, 25-ноябрь күнү Бишкекте Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Кылычбек Рысалиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле Кыргызстандын жаратылыш жана маданий мурастарын сактоого багытталган долбоорлор талкууланды.

Франциянын элчиси эки тараптуу мамилелерде экономиканын артыкчылыктуу тармагы катары туризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал Франция мамлекети Кыргызстандагы туризмди чыңдоого кызыкдар экенин айтып, Кыргызстандын кооз жаратылышын көрүүгө Франциядан жаш саякатчылар гана эмес, пенсионерлер да тартылып жатканын баса белгиледи. Туристтерди тартуунун негизги факторлору Кыргызстандын уникалдуу жаратылышы жана маданий ресурстары болуп саналат, - деп белгиледи элчи.

Бирок, учурда эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарынын жоктугу туристтердин кеңири агымына тоскоол болууда. Француз элчиси бул көйгөйдү чечсе болоруна жана аба каттамдарын жакшыртуу туристтик агымдын өсүшүнө өбөлгө болорун айтты.

Ошондой эле, жолугушууда Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон “Үч чоку” долбоорун ишке ашыруу маселесине көңүл бурулду. Франция элчилиги бул долбоорду өзүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карап жатканын белгилеп, аны мындан ары өнүктүрүү үчүн эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Ал эми, Кылычбек Рысалиев Туризм фонду өз тармагында кызматташууга даяр экенин билдирип, “Үч чоку” долбооруна токтолду. Бул долбоор Туризмди өнүктүрүү фондунун өнөктөштөр менен биргеликте иш алып баруусунун натыйжасы экенин айтты.

Ал ошондой эле туристтик долбоорлордун сапатын жогорулатуу үчүн чет элдик адистерди тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан өлкөнүн ички дүң продукциясында туризмдин үлүшү жогору болгон Франциядан көп нерсени үйрөнө аларын белгиледи.

Туризмдин экологиялык компонентине өзгөчө көңүл бурулду. Рысалиев Бакуда өткөн COP-29 конференциясына катышып, мөңгүлөрдү сактоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорду сунуштаганын айтып берди.

Рысалиев белгилегендей, Кыргызстан акыркы 10-15 жылда мөңгүлөрдүн 15%га жакынын, ал эми 70-жылдардан бери 30%га чейин жоготкон. Мөңгүлөрдүн жоголушу туризмге гана эмес, мамлекеттин экономикасына да олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени Кыргызстан Борбордук Азия үчүн суу ресурстарынын маанилүү булагы болуп саналат. Буга байланыштуу мөңгүлөрдү сактоо бардык эл аралык аракеттердин приоритети болууга тийиш,- деди ал.

«Ошондуктан биздин фонддук долбоорлордун алкагында мөңгүлөрдү сактап калууга жана калыбына келтирүүгө багытталган компонентти пилоттук түрдө ишке ашырууну пландап жатабыз. Бул долбоор эл аралык деңгээлде таанылат деп ишенебиз, күч-аракеттерди жумшоо менен гана жаратылышты сактап кала алабыз”,-деп сөзүн жыйынтыктады Кылычбек Рысалиев.

Пикир

Оставить комментарий