• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Абадан коргонуу аскерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 15.04.24./Кабар/. Бишкекте Абадан коргонуу аскерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара, кечээ, 14-апрелде КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 97632 аскер бөлүгүндө өттү.

Ага КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн колбашчысы Кылычбек Айдаралиев, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы катышты.

Кылычбек Айдаралиев аскер кызматкерлерине кайрылып, бүгүнкү күндө Абадан кол салуудан коргонуу бөлүктөрүнүн өздүк курамы улуу муундун эр жүрөктүк салттарын татыктуу улантып, мамлекеттин аскердик коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча милдеттерди ийгиликтүү аткарып, күжүрмөн эрдикти ар дайым өркүндөтүп жаткандыгын белгиледи.

Иш-чара салтанаттуу жүрүш менен аяктады. Ошондой эле аскер кызматкерлери үчүн КР Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскер үйүнүн аткаруусундагы майрамдык концерти уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий