• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Туризмдин эң сонун жарнамасы! Кыргызстанда эл аралык веложарыш старт алды

Коом 0

Бишкек, 17.08.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү "Silk Road Mountain Race" ("Жибек жолу жоо жарышы") веложарышы старт алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, веложарыш быйыл алтынчы жолу өтүп жатат. Жалпысынан маршртут 1938 чакырымды түзүп, катышуучулар Бишкек – Кегети – Чаек – Соң-Көл – Казарман – Чатыр-Көл – Нарын – Эки-Нарын – Барскоон – Кара-Кужур – Кочкор – Шамшы – Чоң-Кемин – Чолпон-Ата аркылуу жүрүшөт.

"Жарышка 35 өлкөдөн 175 катышуучу келди. Ар бири жалгыз, чатыры, тамак-ашы менен жүрүшөт. Веложарыш эки жумага уланып, 31-августта Чолпон-Атада салтанаттуу аяктайт.

Бирок, жеңичүүлөр былтыр 5-6 күндө эле келишкен мараага. Дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген велогонкага күйөрман болушат. Табиятыбыздын эң кооз сүрөт, видеолору да жарыяланып турат. Биздин туризмдин эң сонун жарнамасы! Баардыгыбыз бул жарышка көз салып, конок спортсмендерди, кыргызстандык 15ге жакын катышуучуну сүрөп туралы", - деп жазды Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий