• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматында болгон окуянын чоо-жайы айтылды

Коом 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Кечээ, 12-октябрь күнү ИИМдин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары (Б.Н.) жана башкармалыктын ыкчам кызматкеринин (Р.М.) ортосунда чыр болгон.

"12-октябрь күнү болжол менен саат 11:15те Р.М. (ыкчам кызматкер), Б.Н. (орун басар) менен кызматтык мамилени чечишүү үчүн иш бөлмөсүнө келип, алардын ортосунда кайым айтыш болуп, башка кызматкерлердин талабы менен Р.М. өзүнүн иш бөлмөсүнө кеткен. Андан кийин Б.Н. уставга туура келбеген окуяга чара көрүүсү үчүн Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматтын башкармалыгынын жетекчилигине барган. Бирок териштирүү учурунда иш бөлмөлөрдүн биринде куралды этиясыз колдонуудан улам Б.Ндин сыйлыкка берилген куралынан ок чыгып, ок жерге атылган", - деп билдиришти аталган кызматтан.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Учурда кызматтык иликтөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий