• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ош шаарында Турсунбаева көчөсүн асфальттоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Ош шаарында Турсунбаева көчөсүн асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин алкагында Т.Турсунбаева көчөсү жаңы темир жол өткөөлүнөн И.Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерге чейин 18 метрге кеңейтилип, учурда жолго асфальттын биринчи катмары төшөлө баштады.

Ал эми жолдун боюндагы суу жана газ түтүктөрү, электр чубалгылары толук көчүрүлүп, бордюрларды жана арык лотокторун орнотуу боюнча иш-аракеттер аяктады.

Пикир

Оставить комментарий