Бишкек, 27.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Калкты байытылган ун менен камсыздоо аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун жана интеллектуалдык потенциалын сактоого багытталган бул мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Төрага Чыныбай Турсунбеков чек арадан аткезчилик менен киргизип жаткан ун эле эмес, талапка туура келбеген башка импорттук товарлар да арбын экендигине токтолду.
ЕЭАБдин талаптарын аткаруу менен өлкөнүн ички мыйзамдарын да эске алуу керектигин айткан Чыныбай Турсунбеков: “Бизден ташылуучу товарлар биримдикке кирген коңшу мамлекеттердин ветеринария, фитосанитария мекемелери тарабынан ар кандай талаптардын негизинде артка кайтарылууда. Бул тууралуу ишкерлер көп эле айтып жатат. А биздин чек арада чек арачылардан башка эч ким жок. Ар ким каалаган товарын, каалаган өлчөмдө киргизүүдө. Эмне үчүн биздин өлкөнүн тиешелүү кызматтары байытылбаган ун сыяктуу, талапка туура келбеген импорттук товарларды артка кайтара албайт. Бул жерде башка себеп бар, жөн гана иштеген киши жок” – деди.
Ошондой эле Төрага Өкмөт тарабынан даярдалуучу байытылган унду киргизүү шарттарын караган токтом кечеңдеп жатканын белгилеп: “Аткезчилик менен ташылган товарларга байланышкан бир жылда 90 гана жагдай аныкталыптыр. Бул деген куру сөз, бир жылда эмес бир күндө 90 аткезчилик фактысы чыгышы мүмкүн. Андыктан, Өкмөт тез арада маселени оң жагына чечип, Экономика министри айтып жаткан 70%дык көмүскө экономиканы азайтууга аракет кылышы керек. Айрыкча, аткезчиликти азайтып, ата-мекендик өндүрүштү колдошубуз зарыл”, - деп кошумчалады.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссиясына жана саламаттык сактоо органдарына КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 92-беренеси боюнча иштерди кароо жана айып пулдарды салуу укугун берүү сунуш кылынып, байытылбаган ундун импортуна айып пул түрүндө жаза киргизилүүдө.Ал эми салык кызматынын органдарына байытылбаган унду мыйзамсыз алып келүү боюнча администрациялык иштерди кароо жагынан ыйгарым укук берилүүдө.
Пикир
Оставить комментарий