• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Депутат Келдибаев: Ипотеканын үстөк пайызын 4% чейин төмөндөтүш керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.01.19 /Кабар/. Өкмөт быйыл ипотека насыяларынын үстөк пайызын 4% чейин төмөндөтүү чараларын көрүшү зарыл. Бул тууралуу депутат Сагындык Келдибаев парламенттин жыйынында айтты.

Анын маалыматы боюнча, азыр мамлекеттик ипотека боюнча жеӊилдетилген насыялардын үстөк пайызы 8-9% тегерегинде. Мындай пайыз насыя алуучуларга кыйлоо оорчулук келтирип жатат. Мугалимдер менен дарыгерлер аны төлөй албайт.

"Калкыбыздын калыӊ катмары кыйналып турат. Анын ичинде мамлекеттик ипотека насыяларын алган адамдардын азыркы абалын түшүнсөк болот. Алар азыркыдай 8-9 үстөк пайыздуу насыяларды төлөй албайт. Ошондуктан, аны 4 пайызга чейин төмөндөтүшү керек. Өкмөт бул боюнча кандай чараларды пландаштырып жатканын уккубуз келет. Эгерде алар жөндүү сунуш бере албаса, анда андай сунушту биз беребиз", - деди депутат.

Эске салсак, Мамлекеттик ипотекалык компания азыр ипотекалык насыяларды 7-9 жылдык пайыз менен берип жатат.

2019-жылдын төртүнчү кварталында Кыргызстанда ипотекалык насыянын үстөгү 6-8 жылдык пайызга түшөт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий