Бишкек, 09.12.24./Кабар/. 7-8-декабрда Тышкы иштер министрлиги кенже жана орто дипломатиялык кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерине миграция жана нотариалдык аракеттерди жүргүзүү маселелери боюнча эки күндүк тренинг өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, тренинг Кыргызстандагы Эл аралык миграция уюмунун (МОМ) миссиясынын жана КР Нотариалдык палатасы менен биргеликте өткөрүлдү.
Тренингде өзгөчө басым КР жарандарынын, анын ичинде аялуу категориядагылардын укуктарын коргоого жана чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери тарабынан сапаттуу консулдук кызмат көрсөтүүнү камсыздоого жасалды.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар ТИМдин консулдук иштер боюнча негизги багыттарындагы кызматкерлердин билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталат.
Пикир
Оставить комментарий