Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин түзүлгөнүнө быйыл 80 жыл толду. Бул мекеме үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү тарыхый окуя. Алгач саналуу кызматкерлер эмгектенген Кыргыз ССРинин ТИМи 1944-жылы 17-мартта түзүлгөн. Эгемендүүлүк жылдарын утурлай мекеменин штаты көбөйүп, ишмердүүлүгү да кеңейген. Ал эми 1990-жылы, эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан кийин мекеме жаңы чакырыктарга жана сыноолорго туш болгон. Бул убакыт аралыгында мамлекеттин тышкы саясатын жүргүзүп, эл аралык мамилелерди чыңдаган министрлик дипломатия багытындагы улуттук кадрларды даярдаган чоң мектепке айланды. Саясий илимдеринин доктору, профессор, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов “Кабар” агенттигине маек куруп, тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктер, эл аралык мамилелер жана учурда дипломаттарды даярдоонун деңгээли тууралуу айтып берди.
- 80 жылдык тарыхы бар тышкы иштер министрлигинин эгемендүүлүк жылдарындагы ишмердүүлүгүнө токтолсок, кандай иштер аткарылып, кандай жетишкендиктерге ээ болду?
- 80 жылдык тарых бул тышкы иштер министрлигинде иштеген кызматкер үчүн абдан маанилүү окуя. Артка кылчайып карасак, көп ийгиликтер, жетишкендиктер ошол эле кезде сыноолор да болду. Алгач эгемендүүлүккө чейинки мезгилге токтолсок, 1944-жылы аталган министрлик Сталиндин жарлыгы менен СССРдин 15 республикасын БУУга киргизүү максатында уюшулган. Тилекке каршы, бул аракет ишке ашпай калган. Бирок ТИМ калып, мекеменин функциясы кыскартылган. 1991-жылы өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин ТИМдин функциясы кеңейди. Албетте, эгемендүү, өзүнчө мамлекет болгондон кийин толук кандуу тышкы иштер министрлигин түзгөнгө аракет кылдык. Эгемендүү мамлекет болгондон кийинки тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгү тууралуу айтсак, биринчи он жылдык ачыгын айтканда абдан оор болду. Анткени тажрыйба жок, кадрлар жетишсиз өтө кыйын мезгилдер өттү. Кыйынчылыктарга карабастан биздин дипломаттар биринчи он жылдыкта бардык аракеттерди көрүшүп, жакшы ийгиликтерге жетишишти. Азыр Тышкы иштер министрлигинде татыктуу билимдүү бардык жагынан такшалган дипломаттар эмгектенет. Жетишкендик катары акыркы 30 жылдын ичиндеги тышкы саясаттагы стабилдүүлүктү айтсак болот. Эң негизгиси ТИМ эл аралык денгээлде ката кетирген жок, чоң саясий катачылык кетирбестен, ар бир мамлекет менен бүгүнкү күнгө чейин кызматташтык уланууда. Улуттун кызыкчылыгын аныктап, конкреттүү түрдө келишимдерди, долбоорлорду түзүп, учурда бир нукка түшүп калдык деп айтсак болот. Жетишкендиктер катары инвестиция маселесин, билим берүү, маданият, жалпы экономика, коопсуздук боюнча кызматташтыктарды айтсак болот. Учурда мамлекетибиз стабилдүү өнүгүү жолунда баратат. Ушуга биздин дипломаттардын кошкон салымы өтө чоң. Себеби, тышкы саясат менен ички саясат абдан байланыштуу жана бири-бирине көз каранды. Эгер туура эмес тышкы саясат болсо, ички саясатта да кыйынчылыктар болуп калышы мүмкүн. Мисалы өлкөдөгү бийлик алмашууларда дипломаттар, Кыргызстандын тышкы аброюн, саясатын бир калыпта кармап, өлкөнүн эл аралык кадып-баркын бекемдегенге аракет кылды. Жетишкендиктер да аз эмес, мисалы 1994-жылы Нью-Йоркто Манастын эстелиги коюлуп, башкы ассамблеяда резолюция кабыл алынып, Кыргызстан өз тарыхы бар, улуу эл экени бүт дүйнө жүзүнө даңазаланган. 33 жылдын ичинде биздин тышкы саясат бир нукка түшүп, элдин кызыкчылыгын көздөп, келечекке кадам таштаган, коопсуздукту бекемдеген, экономиканын өнүгүүсүнө салым кошкон, маданият менен билим берүү тармагында астыга жылганга мүмкүнчүк түзгөн алдыңкы министрликтерден болду деп эсептейм.
- Кыргызстанда дипломаттарды, эл аралык мамилелерди өнүктүрүү тармагындагы адистерди даярдоонун деңгээли кандай?
- Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Тышкы иштер министрлигинде кадрлардын жетишсиздиги байкалган. Мугалим, инженер болобу, кандай адис болбосун чет тилди билген, дипломатияга шыгы бар деген адистер мекемеге кызматка кабыл алынган. Андан кийин ошол эле Россия, Турция, Кытай, Европа биримдиги сыяктуу ири мамлекеттер биздин дипломаттарды даярдаганга жардам беришти. Бүгүнкү күндө кесипкөй, атайын даярдыгы, билими жогору дипломаттар чогулду. Ошондой эле 2000-жылдардан бери эле ТИМ адистери сынактын негизинде кызматка алынып, кесипкөй адистерди ишке алуу менен бул тармакта ийгиликтер арбын болууда. Негизинен Конституцияга ылайык көп векторлуу, тең салмактуу бардык тарабын эсепке алган, президенттин саясатын, бүгүнкү күндө тышкы иштер министрлиги жогорку деңгээлде аткарып жатат. Европаны алабызбы, чыгыштыбы, батыштыбы бардык жагынан көп векторлуу, тең салмактуу Кыргызстандын саясатын жүргүзүүгө аракеттер жүрүүдө. Борбордук Азия – АКШ, Борбордук Азия-Кытай, Борбордук Азия –Европа, Борбордук Азия – Япония, Борбордук Азия – Араб мамлекеттери менен өзүнчө жолугушуулар болуп, президентибиз батышка дагы, чыгышка дагы, ошол кезде Россия, Кытай тараптар менен ТИМдин дипломаттары аркылуу активдүү иш алып барууда. Дүйнөдө өтө чоң карама-каршылык, тирешүүлөр, экономикалык санкциялар болуп жаткан учурда бардыгын таразага салып, өзүбүздүн мамлекеттин кызыкчылыгын эске алган саясат жүргүзүү учурдун талабы. Азыр биздин дипломаттарда иш көп, дипломаттарды да жакшылап колдоп берсек. Анткени тышкы саясатты туура жүргүзүү бул – мамлекетке, өлкө жетекчилерине, элге кадыр-барк алып келет. Ошол эле учурда туура эмес иштер жүргүзүлсө, тескерисинче аброюбузга шек кетүүсү мүмкүн. Эң негизгиси элибиздин кызыкчылыгын ойлосок, ошондо туура саясат болот.
- Учурдагы заманбап дипломаттар кандай сапаттарга ээ болуусу керек?
- Заман талабына жараша дипломаттар тубаса акылдуу, билимдүү, бир нече тил, тарыхты билген, дүйнө таанымы кенен адис болушу шарт. Турмуштун шартын, мамлекеттин саясатын байкаган, иликтеп, таразалап турган инсан болуусу зарыл. Маданияттуу ошол эле кезде адамкерчиликтүү, заманга жараша ойлонгон, жаңы технологияларды билген келечекти ойлогон адистерди дипломаттар деп билебиз. Негизгиси ойлогон ою, айткан сөзү, жасаган иши менен дал келген дипломат болушу шарт. Ушундай сапаттарга ээ болсо эл арасында, коомчулукта кадыр-барк табат, мамлекет үчүн, эл үчүн чоң пайда алып келет. Учурда ТИМдин кадрларын даярдаган Дипломатиялык академиясы бар. Анда заман талабына шайкеш келген эл аралык мамилелер, дипломатия багыттары боюнча адистер даярдалууда.
Майрамыңыз кут болсун, маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Маектешкен Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий