• 87
  • 90.55
  • 0.84

Тыт талаасындагы окуучулардын чыры. Бир нече мугалим жаза алды

Билим 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Өзгөн районуна караштуу Ж. Мойдунов атындагы № 11 орто мектебинде окуучулар арасында пикир келишпестик болгон.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, окуя 17-майда сабактан тышкаркы мезгилде тыт талаасында болгон. Анда окуучулар арасындагы конфликт видео тасмага тартылып, социалдык тармактарда тарап кеткен.

Бул окуяга байланыштуу Өзгөн райондук Билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия, ата-энелер менен бирге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир нече мугалимге карата тийиштүү чара колдонулган.

Мектепте жетишсиз тарбиялык иштерин алып баргандыгы үчүн Жакыпова А. “сөгүш”, мектептин социалдык педагогу Кулмаматова Г., 8 ”а” класстын класс жетекчиси Умаралиева Г., 8 “б” класстын класс жетекчиси Абдырахманова Р., 9 “б” класстын класс жетекчиси К. “эскертүү” жазасын алды.

Пикир

Оставить комментарий