Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнан кол жүгү катары кайсы буюмдарды алып жүрүүгө боло тургандыгы тууралуу айтып беришти.
Маалыматка ылайык, учактын салонунда кол жүгү катары төмөнкү буюмдарды алса болот:
• Айымдардын сумкасы/эркектердин портфели же кагаздар үчүн папка;
• пластик баштыгы;
• гүлдесте;
• ноутбук, камера, видеокамера;
• учакта окуу үчүн басмалар: гезиттер, журналдар;
• баланы алып жүрүүгө керектүү буюмдар: азык-түлүгү, сумкасы;
• кол чатыр, басууга арналган таяк;
• пальто же плащ;
• плед;
• дүрбү;
• жыйыла турган коляска жана балдак (эгер учакта жүргүнчү талап кылса);
• жүргүнчүгө зарыл болгон ар кандай медициналык буюмдар;
• авиакомпания тарабынан белгиленген салмагы жана өлчөмдөрдөн ашпаган Duty Free дүкөнүнөн сатып алуулары бар сумка.
Эскертүү: Ар бир авиакомпаниянын уруксат берилген акысыз кол жүгүнүн салмагы ар башка болушу мүмкүн. Кол жүктүн салмагын жана уруксат берилген буюмдарды билет сатып алууда сөзсүз тактап алуу сунушталат.
Пикир
Оставить комментарий